Мен дагы бир аз үнүңдү угайын
Бир аз көрүп элесиңди
Бир аз жүрөгүңдү тыңшайын
Жолдорубуз адашкан кезде
Баарыбир сендей жакын
Мага бир да адам жок окшойт
Кете бер, менден алыстарга сен кете бер
Жылдыздарды асмандагы теребер
Сени издебеймин, мени издебе
Бара бер, кала бер барган жериңе кала бер
Бакытыңды таба бер, мени болсо Ала-Бель
Кучагын жайып күтүп алат
Мен дагы бир аз үнүңдү угайын
Бир аз көрүп элесиңди
Бир аз жүрөгүңдү тыңшайын
Жолдорубуз адашкан кезде
Баарыбир сендей жакын
Мага бир да адам жок окшойт
Жолдун астында дагы бир аз убакыт бер
Мени сагынып калсаң күтөмүн, жаза бер
Билем күн откөн сайын сезимдер дагы өтөт
Биз чогу түшкөн сүрөттүн өңү дагы өчөт
Канча жолу жарашып ажырашканбыз негизи
Сен меники болбодуң, болсом да сеники
Макул түшүнбөстүк бойдон калаберсин баары
Кое бердим жаным, болот убакытым даары
Бара бер, кала бер барган жериңе кала бер
Бакытыңды таба бер, мени болсо Ала-Бель
Кучагын жайып күтүп алат
Мен дагы бир аз үнүңдү угайын
Бир аз көрүп элесиңди
Бир аз жүрөгүңдү тыңшайын
Жолдорубуз адашкан кезде
Баарыбир сендей жакын
Мага бир да адам жок окшойт