» » Кубаныч Баркалбасов - Тай-тай балам
Слушать
Скачать
Скачать песню Кубаныч Баркалбасов - Тай-тай балам в качестве 320 kbps и длительностью mp3 03:10 или слушать онлайн бесплатно.

Кубаныч Баркалбасов - Тай-тай балам

  • Качество: 320 kbps
  • Длительность: 03:10
  • Размер: 7.25
  • Дата релиза: 06.05.2024
  • Артист: Кубаныч Баркалбасов
Текст песни
Бала деген бакыт экенин
Башта аны мен билбептирмин
Куту үйдүн бала турбайбы
Кубанычы Ата-Эненин

Кылыгыңдан балам кичинем
Кызыл оттой ысыйм ичимен
Жөжөм сенин тойбойм жытыңа
Жөнөйм сага шашым ишимен

Кана тай-тай балам
Күнүм айдай балам
Күлүп койчу күндөй жан балам
Тилейм жаным балам
Тийсин дайым батам
Туягымсын менин жан балам

Кыт кылыктап ойноп жүгүрсөң
Кетпесинчи бакыт үйүмөн
Кагылайын эсен чоңойгун
Кагыламын сенин үнүңдөн

Келечегиң кенен болсун деп
Кетпей бакыт кушу консун деп
Сураганым дайым суранам
Ырыскыга кенен толсун деп

Кана тай-тай балам
Күнүм айдай балам
Күлүп койчу күндөй жан балам
Тилейм жаным балам
Тийсин дайым батам
Туягымсын менин жан балам

Туягымсын менин жан балам
Туягымсын менин жан балам
По всем вопросам пишите на: [email protected].