.
Жетелеп колдон бөбөгүм,
Колума алып белегим.
Аскалуу тоону көргөндө,
Айлыма келет жөнөгүм.
Ак кайың, терек зыңгырап,
Арыкта суусу шылдырап.
Айылым эске түшкөндө,
Ардайым кетем тунжурап.
Төрүндө гүлү жайнаган,
Төбөдө булбул сайраган.
Көргөндө көздү кубанткан,
Көркүңдөн сенир айланам.
Аска-зоо, сууңду багыңды,
Алпештеп тумар тагындым.
Алып эле учуп жүрөгүм,
Айлымды абдан сагындым